Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Жалал-Абат облусунда «Ачык саясат» гезитин элди бөлүп-жарууда деп айыпташты


Сузак районундагы Багыш айлына 5-6 айыл өкмөттөн топтолгон эл 26-майда гезит жарыялаган «Көк-Арт өрөөнүндөгүлөрдүн президентке кайрылуусу» аттуу макалага каршы чыгышты. Аны элди бөлүп-жарууну көздөгөн саясий оюн-шоок катары баалашты. Президенттик шайлоого катышаарын жана анда К. Бакиевдин талапкерлигин колдоорун белгилешти. Такталбаган маалыматтарды чыгаргандыгы үчүн «Ачык саясаттын” мыйзам алдында жооп берүүсүн талап кылышып, болбосо сотко берерин эскертишти. Депутат Жусупжан Жээнбековдун баласынын жоголгондугун саясатка айландырбоону өтүнүштү. Аталган гезит 6-майда райондун «Винсовхоз» айылындагы жыйында депутаттын уулу табылбаса, Көк-Арт өрөөнүнүн калкы президенттик шайлоого катышпоо жана 1-июнда Ош- Бишкек жолун тосуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгын жазган болчу. СДПКнын облустагы өкүлдөрү “Ачык саясат” гезитин айыптаган жыйынды бийликчил адамдар уюштурганын белгилешти. (YA)

XS
SM
MD
LG