Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Өзбек чек арачылары Кыргызстандын 3 аскер кызматкерин барымтага алышты


Мындай маалыматты "Азаттыкка" Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн өзүн атагысы келбеген кызматкери билдирди. Маалыматка караганда, 2-июнда Кадамжай районунун аймагынан өтүп бараткан Кыргызстан куралдуу күчтөрүнө тиешелүү автоунааны Өзбекстандын Водил айылынын жанынан өзбек чек арачылары токтотуп, андагы 3 кыргыз аскер кызматкерин колдорун кайырып өз аймагына алып кирип кеткен. Ошол эле күнү атайын кызматтардын сүйлөшүүсүнөн кийин барымтадагы аскерлер чыгарылган жана мыйзам бузгандыгы үчүн буга чейин Кадамжайда кармалып турган Өзбекстандын 2 аскер кызматкери да бошотулган. Ушул окуядан соң өзбек тарап Баткен-Ош жолунун Сох анклавын аралап өтчү бөлүгүн жаап салган. Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сагынбеков бүгүн эртең менен Сох анклавындагы жол ачылганын, барымтага алуу боюнча азырынча толук маалымат жоктугун “Азаттыкка” билдирди.(JsA)

XS
SM
MD
LG