Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

БЭК Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоду


Кайрылууда акыркы төрт жылда Кыргызстан адам укуктары боюнча артыкчылыктуу багыт болуудан калганын, атуулдардын эркиндиги курулай гана сөз бойдон калып авторитардык жана полициялык мамлекетке айланып баратканы белгиленген. “Мамлекет башчысынын экономиканын өскөнү, өлкөбүздүн өнүгүшү тууралу айткандарына карабастан, биз коррупцияланган деңгээл жагынан 4-орунду ээледик, ал эми адам укугу Кыргызстанда мамлекеттик жалпы дөөлөт болбой калды. Кыргызстандын жарандарына кызмат кылууга жана мыйзамдын руху менен тамгасын сактоого милдеттүү болуп саналган мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү бир үй-бүлөнү, бир ууч адамдардын кызыкчылыгын коргогон жазалоочу машинага айланды. Президенттин Жаңы багытынын маани-мазмуну жарандардын эркиндиктерин басмырлап, укуктарын бузуп, бүт элди анын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарына баш ийдирүү экенине биздин көзүбүз жетти”,-деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле бийликтин Түп районундагы аракеттери оппозицияны, анын ишин эле эмес, элдин эркиндиктери менен укуктарын басууга багытталганын, карапайым жарандарды коркуткан кылмыш элементтеринин карасанатай жосундарын, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаап-жашырганы белгиленген. БЭКтин жалпы Кыргызстан элине кайрылуусу “өлкөнүн алдыңкы, прогрессчил күчтөрүн жогорку бир максат – Кыргызстандын келечеги үчүн баш кошууга чакырып, эгерде биз мындан ары да коркуп, чыдап жүрө берсек, анда эркиндигибизден ажырайбыз.Биз аларга өзүбүздү кордогонго жол бере албайбыз, себеби биздин баалуулук – эркиндик, биздин багытыбыз – адилеттик, биз алар үчүн, келечек үчүн, гүлдөп-өнүгүү үчүн күрөшүүбүз керек. Бириксек – колубуздан баары келет”,-деп аяктаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG