Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Бомбанын жарылуусунан 10 киши набыт болду


Ооганстандын чыгышында жолго коюлган эки бомбанын жарылуусунан 10 сакчы набыт болду. Пактиа вилайетинин полиция жетекчиси Азизулла Вардактын айтымында, сакчылар америкалык жоокерлер жайгашкан гарнизондо иштечү. Ал аралыкта Британиянын Коргоо министрлиги жолго коюлган бомбанын жарылуусунан Гилменд вилайетинде британиялык жоокер мерт кеткенин кабарлады. Ушуну менен 2001-жылдан бери Ооганстанда 166 жоокер набыт болду.

XS
SM
MD
LG