Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Жаштар президентке атайын кеңеш түзүүнү сунушташты


Жаштар мындай сунушту бүгүн Чолпон-Атадагы "Рух ордо" комплексинде өтүп жаткан жаштар форумунда билдиришти. Алар президенттин алдында жаштар иштери боюнча координациялык кеңеш түзүп, анын тутумуна бийлик менен жаштардын сегизден өкүлүн киргизүүнү сунушташты. Президент аны карап көрүүгө убада берди. Жаштар андан тышкары президентке "Жаштар жана мамлекеттик башкаруу", "Жаштар жана ишкерлик", "Жаштар жана жарандык коом" деген үч түрдүү долбоор менен тааныштырышты.Президент Курманбек Бакиев жаштардын мындай идеяларын ишке ашыруу үчүн эмдиги жылдын бюджетине 50 миллион сом киргизилээрин жана аны кабыл алууда жаштар өз долбоорлорунун улуттук кызыкчылыкка дал келип, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо ала тургандыгын далилдеп берүүгө жарамдуу болушу зарыл экендигин баса белгиледи.(BD)

XS
SM
MD
LG