Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Европарламентке шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 43 пайызы гана катышты


Европа парламентине болгон шайлоодо, алдын-ала эсептөөлөргө караганда, орточул-оңчул партиялар жеңди. Экинчи орунду социалисттер ээлесе, үчүнчү орунда либералдык демократтар келатат. Бирок 4-7-июнь күндөрү болгон шайлоого 388 миллион шайлоочунун 43 пайызы гана катышты. Брюссел жана Страсбургда иш жүргүзгөн Европа парламенти Еврокомиссия тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарды кабыл алууда маанилүү ролду ойнойт. Германияда канцлер Ангела Меркелдин, Францияда президент Николя Саркози, Италияда премьер-министр Силвио Берлусконинин партиялары жеңгени айтылууда. Греция, Британия, Ирландия, Австрия, Болгария, Нидерландияда башкаруучу партиялардан атаандаш оппозициячыл партиялар көп мандат алышты деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG