Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында автордук укукту бузганы үчүн жоопко тартуу катталган эмес


Мындай маалыматты интеллектуалдык менчикти коргоо ассоцициясынын жетекчиси Сергей Павловский билдирди. Анын айтуусунда КР мыйзамчылыгында автордук укукту коргоого багытталган 20 чакты мыйзам бар. Бирок булардын бири да иштебегендиктен, ушул күнгө чейин бир да адам автордук укукту бузгандыгы үчүн жоопко тартыла элек. С. Павловскийдин маалыматы боюнча 2005-жылы автордук укукту бузгандардын айынан мамлекетке 1 млн. доллардан ашуун зыян келтирилген. Ал эми буларга салынган жаза айыптан болгону 150 миң сом чогулган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте “Укук жана интернет” деп аталган жыйында айтылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG