Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Ливанда батышчыл багыттагы коалиция парламенттик шайлоодо жеңгенин жарыялады


Шайлоодо жеңип чыкканын жарыялаган батышчыл багыттагы коалицияны азыр мурдагы премьер- министр, маркум Рафик Хариринин уулу Саад Харири жетектейт. Кечээги добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы бүгүн чыгарылары күтүлүүдө, бирок божомолдорго караганда, Хариринин коалициясы парламенттеги 128 орундун 70ке чейинкисин алат. Алар кызмат мөөнөтү аяктаган парламентте да көпчүлүктү түзчү. Ал эми батышчыл күчтөрдүн башкы атаандашы, Иран менен Сирияга ыктаган “Хезболла” уюмуна жана анын өнөктөштөрүнө парламенттен эң көп дегенде 58 орун тиет. Добуш берүүгө болсо Ливандын калкынын 52 пайызыкатышты.

XS
SM
MD
LG