АКШнын президенти Барак Обама Иранда шайлоодон кийин башталган башаламандыктарга тынчсыздануусун билдирди. Өз сөзүндө Обама Иран бийлигин сөз эркиндигин жана демократиянын принциптерин урматтоого үндөп, шайлоо маалында бурмалоолорго жол берилген деген маалыматтарды текшерүүгө чакырды. Иран Ички иштер министрлигинин расмий маалымдашынча, учурдагы президент Ахмадинежад үчүн 12-июнда добуш берүүгө катышкандардын 62 пайызы колдоо көрсөткөн, ал эми Мусави болгону 34 пайыз добуш алган. Оппозиция лидерлери расмий жыйынтыктар менен макул эмес.