Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:53

Президент К.Бакиев Ошто Мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатына катышты


“Кыргыз мамлекетинин жаңы тарыхында быйылкы жыл өзгөчө жыл болуп калды. Кыргызстан эларалык аренада ордун бекемдеп, бардык мамлекеттер менен теңата мамиле түзүүгө жетише алды”, деп белгиледи өлкө башчысы Курманбек Бакиев Ош шаарынын борбордук антында Кыргызстандын Мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаттуу аземинде. Куттуктоо сөзүндө Бакиев ушул жылдын 11-июнунда Мамлекеттик туу Бишкектин борбордук аянтында желбирегендигин айтып, “Асабасы асманга керилген туубуз – миңдеген жылдар аралыгында Манас атабыз баш болгон бабаларыбыздын, кыргыз мамлекетин түптөгөн тарыхый инсандарыбыздын, өз өлкөсүнүн түндүгүн көтөрүүгө кан-жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын улуу тилегин чагылдырган ыйык тумарыбыз”, - деди. Президент мамлекеттин символдоруна – туусуна, гербине, гимнине аяр, сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле өзүнүн жарлыгы менен 3-мартты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү деп жарыялагандыгын кабарлады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG