“Эл аралык сабырдуулук” коомдук кору уюштуруп жаткан бул иш-чара 23-июлда Аксы районунда өтөт. Ага аталган райондун жана Ала-Буканын жетекчилери, чек ара кызматынын өкүлдөрү катышат. Жыйында чек арага байланыштуу келип чыккан жаңжалдар, анын алдын алуу маселелери талкууланат. Анын жыйынтыгы чечим кабыл алуучу органдарга - Жогорку Кеңешке, Коопсуздук кеңешине жана Жалал-Абат облусттук жетекчилерине жөнөтүлмөкчү. (EBM)