Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” санаториясынын кызматкерлери ачкачылык акциясын баштаганы турат


Санаторияны Рахим Бактяров бир жыл жетектегенден бери нааразылык токтой элек. Алмагүл Асакеева, Майрамбек Иманалиев атуу дарыгерлер жумушунан кыскартылгандан бери, арыздар көбөйүп, ондон ашык текшерүүнүн жыйынтыгы чыкпай келет. Асакеева, Иманалиев, Текебаевдер сыяктуу кызматчылар Бактияровдун кызматтан четтетилишин талап кылып, президентке кайрылуу жолдоду. Бийликтегилерден оң жооп болбосо, шайлоо алдында ачкачылык жарыялоону билдиришти. Директор Бактияров өз кезегинде жумуштан бошотулган адистер санаторияны 20 жылдай каалагандай пайдаланганын жана коррупцияны жойгонун жүйө тартууда. "Кыргызалтын" ишканасына таандык “Кыргыз деңизи” эс алуу жайы жыл бою иштей турган дарылоо мекемеси катары таанымал (RB)

XS
SM
MD
LG