Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Транзиттик борборун түзүү маселеси фракцияларда каралышы күтүлүүдө


Манас эл аралык аба майданында транзиттик борборун түзүү кечээ парламенттин Коопсуздук жана коргонуу комитетинде жактырылды. 22 июнда Кыргызстан менен АКШнын өкмөтү Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча транзиттик жүк ташуу борборун түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. Бул маселе бүгүн фракцияларда, эртең парламент отурумунда каралышы күтүлүүдө. Эскерте кетүүчү жагдай, 3-февралда Москвада президент Курманбек Бакиев “Манас” абамайданындагы антитеррордук коалиция күчтөрүн чыгаруу жөнүндө билдирүү жасап, базаны чыгаруу боюнча өкмөт чечим кабыл алып, Жогорку Кеңеш мыйзамдык жөрөлгөлөрүн соңуна чыгарган эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG