Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Сербия Болгариядан Агим Чекуну өткөрүп берүүнү өтүнүүдө


Сербия Болгариядан Косовонун мурдагы өкмөт башчысы Агим Чекуну өткөрүп берүүнү өтүнүүдө. Агим Чеку согуш кылмыштарына тийешеси бар деген шек менен эл аралык буйрукка ылайык София шаарында камакка алынган. Болгар полициясынын маалыматына ылайык, Чеку шейшемби күнү кечинде Македониядан Болгарияга келгенде кармалган. 2006-жылдан 2008-жылга чейин Косовонун премьер-министри болгон Агим Чеку 1998-1999-жылдары Косоводогу согуш маалында сербдерге каршы аскердик кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Ал маалда Чеку Косовону Боштондукка чыгаруу армиясынын колбашчысы болчу.

XS
SM
MD
LG