Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

АКШ Түркмөнстанды адам укуктары үчүн жарга такашы керекпи


Түркмөн министри Вашингтондо АКШнын Мамкатчысы Клинтон менен, 24-июн, 2009-жыл
Түркмөн министри Вашингтондо АКШнын Мамкатчысы Клинтон менен, 24-июн, 2009-жыл

Ушул күндөрү Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Кошмо Штаттарында жүрөт. Төрт күндүк сапарга байланыштуу АКШнын Түркмөнстан менен алакасы күч алаары кабарланууда. Бирок адам укуктарынын сакчысы саналган АКШ Борбор Азиядагы эң жабык өлкөдөгү адам укуктарын бизнес үчүн садага чабыш керекпи?

Түркмөнстан соңку кездери Батышка жүзүн бура баштады. Европа Биримдиги менен Каспийден газ ташуучу Набукко кууру тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп, анын аралыгында Кошмо Штаттары менен да алака түзүүдө.

Бирок Түркмөнстанда президент Гурбангули Бердымухамедов өлкөнү маркум Түркмөнбашыдай эле жалгыз өзү башкарат. Саясий оппоненттер - түрмөдө, ал эми маалымат каражаттарынан бир гана өкмөттү колдогондору жарык көрөт.

Ушуга байланыштуу Хюман Райтс Уотч укук коргоо уюумунун Бишкектеги өкүлү Мария Лисицина Обаманын администрациясы Бердымухаммедов менен сүйлөшкөндө биринчи кезекте адам укуктарынын урматталышын талап кылыш керек деп эсептейт:

– АКШнын өкмөтү Түкмөнстанга ал адам укуктарын бекемдөөчү минималдык кадамдарды жасаганда гана кызматташаарын ачык айтышы керек.

Бирок Петер Синнот мындай катаң турумдан эч бир тарапка пайда болбойт деп эсептейт. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору жана Колумбия-Каспий долбоорунун координатору болуп иштеген Синнот эки ортодо бийлик деңгээлинде гана эмес, эл арасында да алака зарыл экендигин билдирди.

Азаттыктын түркмөн кызматы менен маегинде ал Кошмо Штаттары Түркмөнстанда президент Бердымухамедов колго алып жаткан билим берүү системасын жакшыртууга көмөк көрсөтө алат:

– Менимче, биринчи суроо - Түркмөнстан кеңири дүйнөнүн мүчөсү болгусу келеби? Менимче, мамлекеттен бир нерсе талап кылгандан көрө, коомго өзгөрүш алып келе турган иштер керек. Түркмөнбашынын замандында өлкөдө билим берүү тармагы өтө начарлап кеткен. Бердымухамедов бул тармакты реформалагысы келет. Буга көп убакыт, чын нийет жана албетте инвестиция зарыл.


Синнот ошондой эле АКШ Түркмөнстан менен айыл-чарба жаатында кызматташа алаарын белгилейт. «Түркмөнстанда элдин көбү элетте жашайт, бирок айыл-чарба инфраструктурасы өтө чабал»,- дейт ал.

Синоттун ишениминде, эгер Лисицина сунуш эткендей, америкалыктар түркмөндөр менен сүйлөшкөндө адам укуктарына басым жасап туруп алса, түркмөндөр мындай сүйлөшүүдөн баш тартышы ыктымал. «Ошондуктан Вашингтон түркмөн бийликтерине адам укуктары, саясат жана экономика үчөө тең маанилүү экендигин айтышы керек, бирок бул оңой болбойт» дейт ал:

– Жетекчилери советтик системада туулуп-өскөн жана акыйкат шайлоосуз бийликке келген, башка өлкөлөрдө болбогон улуттарда мындай карым-катнашты түшүнүш кыйын. Азыр алардын айтканына кулак салып, өз оюбузду ортого салып, алакалашууга ыңгай келип турат.

XS
SM
MD
LG