Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Транзиттик борбор тууралуу келишимди парламент жактырды


АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскердик “Манас” аба базасынын ордуна Американын аскердик эмес багыттагы жүктөрдү транзиттөөчү логистикалык борборун түзүү тууралуу АКШ-Кыргызстан өкмөттөрүнүн келишими бүгүн Жогорку Кеңеште көпчүлүк депутаттардын колдоосун тапты. Коммунисттер фракциясы бул келишимге карата добуш берүүгө катышкан жок.

Үч күндөн бери парламентте жүргөн тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда дагы бир жолу депутаттарга АКШ менен түзүлгөн келишим тууралуу маалымат берди. Негизинен бул келишимге кол коюуга өлкөнүн коопсуздугу, Пакистан менен Ооганстандагы кырдаалдын курчушу түрткү бергенин белгилеген министр келишимдин өзү тууралуу маалымат берүүгө келгенде социал-демократтар жана коммунисттер фракциясынын суроолоруна так жооп бере албай кыйналды.

Эки тараптуу келишимде АКШнын транзиттик борборунун персоналдары 1961-жылы кол коюлган Вена конвенциясына ылайык дипломаттык макамга ээ деп жазылып турганы менен, министр бүгүн депутаттарга төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

-Аларга административдик-техникалык персоналдын макамы гана берилди. Келишимде жазылып турат, бул макамга алар Кыргызстан менен макулдашкан транзиттик обьекттерде же алар кызматына байланыштуу жүрүүчү аймактарда гана ээ боло алышат.

Кадырбек Сарбаевдин мындай маалыматынан кийин Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү депутат Роза Отунбаева таң калганын жашырбады:

-АКШ дайыма бардык чет мамлекеттерде жайгашкан аскер базаларындагы персоналдар дипломаттык макамга ээ, деп бекемдеп келет. Эмне алар бизге келгенде башкача шарттарга макул боло калыштыбы?

Роза Отунбаеванын бул суроосуна тышкы иштер министри мурдагы сөзүн кайталоодон башка жооп бере алган жок.

Транзиттик борбордун персоналдарына берилген макам, алардын жоопкерчилиги тууралуу маселени дагы бир социал-демократчы депутат Дамира Ниязалиева көтөрүп чыкты.

Белгилүү болгондой АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскердик аба базасын Кыргызстандан чыгаруу талабы коюлуп жаткан учурда коалиция аскерлеринен дипломаттык макамды алып салуу негизги талаптардын бири катары айтылып келген. Кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн америкалык аскердин жоопкерчиликке тартылбай кала бергенин белгилеген депутат Дамира Ниязалиева жаңы келишимде бул өзгөрүүсүз калып жатканына нааразылыгын билдирди:

-АКШ менен жаңы келишим түзүп жатканда бизди канааттандырбаган маселелердин баары каралышы керек эле. Мисалы: 8-беренеде кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтүнө персоналды кылмыш жообуна тартууга уруксат берет, эгер дагы бир жолу ушундай жагымсыз окуя болуп, америкалык персонал кыргызстандык жаранды өлтүрүп койсо, биз айыптуу адамды жоопко тарта албайбыз, а түгүл бул маселени карай да албайбыз. Бирок жакшы билесиздер мурдагы келишимди денонсациялоонун негизги талаптарынын бири так ушул болгон.

Антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынганын президент Курманбек Бакиев Москвада жарыя кылган. Андан кийин Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 2 млрд. доллар инвестиция, 300 млн. доллар өлчөмүндө насыя, 150 млн. доллар каражатты грант катары берүүгө макулдугун берген. Бул болсо өз учурунда коомчулукту кыргыз президенти Батыштын аскер аба базасын Орусия менен түзүлгөн келишимдерге алмашты, деген ойго жетелеп, буга карата бир топ пикирлер айтылган.

Парламенттин 25-июндагы талкуусу учурунда да бул маселе бир нече жолу көтөрүлүп, мындан ары Орусиянын Кыргызстанга мамилеси кандай болот деген суроолор тышкы иштер министрине берилди. Депутат Ирина Карамушкина Орусия Кыргызстанга АКШ менен түзүлгөн келишим үчүн тиешелүү жооп берүүгө даярданып жаткандыгын маалымдап, бул үчүн министрден жооп талап кылды.

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Орусиянын тышкы иштер министринин өкүлү буга карата жылуу мамилесин гана билдиргенин белгилеп, америкалык база менен Орусиядан берилүүчү инвестициялар маселесин байланыштырууга негиз жок деп билдирди:

-Бул экономикалык келишимдер Орусия менен бир канча жылдардан бери сүйлөшүлүп келе жаткан. Жыйынтыгы ушул жылдын башына туура келди. Ошондуктан, бул маселелерди байланыштырууга болбойт, анткени бул тууралуу Кыргызстандын да, Орусиянын да жетекчилери билдирип келген.

Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев Транзиттик келишимге каршы экенин билдирди. Ал фракция америкалыктар менен кызматташууга каршы экендигин белгилеп, коммунисттер добуш берүүгө катышпасын билдирди. Исхак Масалиев эки өкмөттүн келишимине Кыргызстандан тышкы иштер министри, ал эми АКШдан элчи кол койгонун сынга алды. Ал эми карыя коммунист депутат Бейшебек Акунов Кыргызстан кичинекей өлкө болуп туруп, мындай базаны аймагына орнотуп, тескерисинче террористтерге бута болуп берип жатат, деген пикирин билдирди:

-Оогандык талибдер биздин Бишкекте аба базасы орногонун билет. Мына алар ошол базаны согом деп атып, бизди, тынч элди согуп таштабайбы. Силер бул келишимди түзүп, кол коюп атканда ошону ойлодуңарбы? -деди Бейшебек Акунов.

“Ак жол” фракциясынын депутаттары 18-февралдагы пикирлеринен толугу менен баш тартышканы маалым болду. Коммунисттер фракциясынын депутаты Анаш Сеитказиев белгилегендей ошондо базаны чыгаруу үчүн микрофонго кезек күтүп турган акжолчулардын көпчүлүгү бүгүн унчугушкан жок, айрым сөз алгандары кесиптештерин Транзиттик борбор тууралуу келишимди кош колдоп кубаттап, аны колдоонун зарылчылыгын айтышты. Фракция мүчөсү Кабай Карабеков кесиптештерин терминдерди чатыштырбоого чакырып, азыр кеп аскердик база тууралуу эмес, транзиттик борбор тууралуу болуп жаткандыгын эскертти:

-Терминдерди чаташтырбасаңыздар. База жок, болбойт дагы. Биздин февралдагы чечим аткарылат. Азыр болсо сөз транзиттик жүк ташуулар боюнча болуп атат. Коалициялык күчтөрдүн бардык аскерлери Кыргызстандан алып чыгылып кетти, башкача айтканда биздин чечимибиз ишке ашып атат. Ал эми кийинки келишим болсо ЖККУ, ШКУ бүгүн жүргүзүп жаткан саясаттан келип чыккан чечим.

Кабай Карабековдун фракциялашы Зайнидин Курманов Ооганстандагы кырдаал аз убакытта өзгөрүп жаткандыгын, ошондуктан, коркунуч босогого келип калган учурда эл аралык коомчулук менен кошо кыргыз өкмөтү да аларга тиешелүү жооп берүүгө тийиш, деп билдирди. Ал ошондой эле глобалдашуу доорунда бир багыттуу тышкы саясат жүргүзүү туура эмес, деп эсептейт:

-Бул келишим бир гана АКШ менен эмес башка калган дүйнө менен да мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет. Жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул келишимде экономикалык багыттагы кызматташуу тууралуу да айтылып жатат. Бирок биз мындан коммерциялык утуш издебешибиз керек. Коңшулар кайгырып атса, биз тыйын санап отурганыбыз болбойт. Биз аларга жардам беришибиз керек. Эгер бизде кырсык болсо, дүйнөлүк коомчулук да ойлонбой туруп, бизге жардамга келет. Азыр Ооганстандын көйгөйү азыркы замандын глобалдуу көйгөйүнө айланып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан бул келишим биздин өлкөнүн да, эл аралык коомчулуктун да дүйнө жүзүндөгү тынчтыкты коргоого багытталган кызыкчылыктарына дал келет.

Террорчулукка каршы күрөшүү бүт дүйнө жүзүндөгү адамзатты түйшөлдүрүп жаткан учурда бул келишимдин саясий мааниси өтө зор, деп белгиледи дагы бир акжолчу депутат Афтандил Арабаев. Ал кыргыз өкмөтүнүн чечими ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдардын макулдугу менен кабыл алынды деп билдирди.

Талкуунун аягында “Манас” эл аралык аэропортунда АКШнын транзиттик-логистикалык борборун түзүү боюнча эки тараптуу түзүлгөн келишимди ратификациялоо маселесине депутаттар добуш беришти. Коммунисттер талкууда кабарлагандай добуш берүүгө катышкан жок. Отурумга катышып жаткан 88 депутаттын бешөө калыс калып, 75и макул деген добуш беришти. Эртең парламент бир жылдык ишинин жыйынтыктоочу отурумуна чогулмакчы. Андан кийин депутаттар жер-жерлердеги шайлоочулар менен жолугушууга жана күзгө чейинки эс алууга тарашат.

АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG