Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Чоң Сегиздин өлкөлөрү Ирандагы окуяларга кайрылат


Алар бүгүн Иранда президенттик шайлоодон кийин орун алган зордук-зомбулуктарды айыптап, өлкө бийликтерин кризисти тынч жана демократиялык жол менен чечүүгө үндөөрү күтүлүүдө. Иран башында Чоң сегиздин тышкы иштер министрлеринин учурда Италиянын Триесте шаарында өтүп жаткан жыйынына чакырылган. Бирок талаштуу шайлоодон кийин Батыш менен мамилеси чыңалган Тегеран ага келүүдөн баш тартты.

Кабарларга караганда, Ирандагы кризиске кандай мамиле кылуу керектиги боюнча Чоң сегиздин ичинен шайлоонун расмий жыйынтыгын жалгыз колдогон Орусия менен калган жети өлкө: АКШ, Британия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана Германия ортосунда пикир-келишпестик бар.

Расмий тыянакка караганда, азыркы президент Махмуд Ахмадинежад шайлоодо ишенимдүү жеңип чыкты. Бирок анын башкы атаандашы Мир Хоссеин Мусавинин ырастоосунда, добуштар бурмаланды. Шайлоодон кийин анын жактоочулары камалууда, маалымат каражатары жабылып жатат.

Өзүнүн интернет баракчасындагы жаңы билдирүүсүндө Мусави шайлоонун жыйынтыгын жооко чыгаруу керек деген талабынан баш тартпасын убада кылды.

Бул аралыкта Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары демонстрациялар учурунда өкмөттүн Басижи күчтөрүнүн 8 мүчөсү мерт болгонун, ондогондору ок атуучу куралдан же бычактан жаракат алганын кечээ маалымдады. Буга чейин шайлоодон кийинки тополоңдордон кеминде 17 адам каза тапканы расмий тастыкталган эле.

Бирок бул маалыматтарды Ирандын ичинде бир катар чектөөлөр киргизилгение байланыштуу башка көз карандысыз булактар аркылуу текшерүү мүмкүн эмес.

Ал эми баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети тараткан маалыматка караганда, нааразылык акциялары башталгандан бери Иранда 40 тай журналист, анын ичинде реформачыл маанайдагы “Карамех Сабз” гезитинин 25 кызматкери камалган.

XS
SM
MD
LG