Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Ооганстандык качкындардын бир тобу мекенине кайтып кетишти


БУУнун алдындагы качкындар менен иш алып баруу комиссариатынын катчысы Чолпон Султанованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча 23 ооган жараны бүгүн эрте менен Тажикстан аркылуу мекенине кайтып кетишти. Алар мурда качкын макамын берүү өтүнүчү менен КР миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетине кайрылышкан. Бирок аталган комитет алардын өтүнүчүн канааттандырган эмес. БУУнун алдындагы качкындар менен иш алып баруу комиссариатынын маалыматы боюнча учурда дагы 300 чамалуу ооган жараны качкын макамына ээ болуу тууралуу арызына жооп күтүп, Кыргызстанда жашап жатышат.
КР миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин маалыматы боюнча ушу тапта Кыргызстанда 455 Ооганстан, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген качкындар катталган. Тажикстандагы жарандык уруш маалында карабашын калкалап келгендердин 9 900 адам, ошондой эле 30 оогандык качкын Кыргызстан жарандыгын алышкан. Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башка комиссарлыгынын көмөгү менен 1804 качкын үчүнчү өлкөгө жөнөтүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG