Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Гондурастын президенти өлкөгө кайтып келе албады


Гондурастын президенти Мануэл Селайяга өлкөгө кайтып келүүгө уруксат берилген жок. Кабарларга караганда, Селайянын учагына конууга уруксат берилбегенден кийин президент коңшу Никарагуага учуп кеткен. Гондурастын ордо калаасы Тегусигалпеде аэропорттун жанында башаламандыктар орун алып, полиция менен президент Селайянын тарапкерлеринин ортосундагы кагылышуу маалында бери дегенде бир адам набыт болуп, дагы бир нечеси жараат алды. 28-июнда Гондураста аскердик төңкөрүш болуп, козголоңчулар өлкө башчысы Мануэл Селайяны таң эрте камакка алып, өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Гондурастын парламенти Селайянын ордуна убактылуу президентти дайындаган. АКШ, Батыш жана Латын Америка өлкөлөрү Гондурастагы төңкөрүштү сынга алышты.

XS
SM
MD
LG