Баткен облустук акимчилигинин маалымат кызматынан бүгүн “Азаттыкка” билдиришкенине карганда, цемент заводунун ачылуу аземине өлкө башчысы, президенттике талапкер Курманбек Бакиев катышат. Бул ишкананын курулуусу үчүн кытайлык инвесторлордон 350 млн. сомдон ашуун каржат сарпталган. Эки жарым жылдан ашуун убакытта курулган бул заводдон М-500, М-600 үлгүсүндөгү цемент өндүрүлүп, анын 10 пайызы гана ички базарды толук камсыздай алаары айтылууда. Анда бир жарым миң адам иштеп, анын беш жүзүн кытайдан келеген адистер түзөт. Аймакта цементти өндүрүү үчүн керектүү сырьенун кору 100 жылга жетет. (JsA)