Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Обама: Талиптер жеңиле баштады


Талиптерге каршы күрөштө жылыштар бар экени айтылууда
Талиптерге каршы күрөштө жылыштар бар экени айтылууда

АКШ президенти Барак Обама Ооганстанда америкалык жана британ аскерлери Хелмандда жүргүзүп жаткан операциясынын натыйжасында талиптер бир топ алсыздандырылганын, бирок күрөш улана берээрин билдирди.

Британиянын Sky News телекомпаниясынын суроолоруна жооп берип жатып, Обама анын администрациясы Ооганстанда быйыл жайында талиптерге каршы күрөш чындап оор болоорун алдын ала билгенин айтты. Бирок америкалык жана союздаш аскерлердин аракети менен түштүк Ооганстанда талиптерге каршы жүргүзүлгөн операция оң натыйжасын берип жатат, деп айтты ал.

Хелмандда америкалык жана британ аскерлери талиптерге каршы алкактуу операция өткөрүп жатышат. Ошентсе да конфликтти болтурбоого чейин али көп аракеттениш керектиги белгиленди. “Максат – быйыл августта Ооганстанда президенттик шайлоону тынч өткөрүп алуу”, - деди америкалык президент.

Обаманын айтымында, АКШ жана анын союздаштары Ооганстанда шайлоо өткөндөн кийин ооган аскерлери менен полициясын абалды өздөрү башкара алчудай кылып үйрөтүү окууларын башташат.

Шайлоо тынч өтүшүнө жетишүү керек...
“Андан сырткары, оогандар менен аскерий жаатта эле эмес, өнүгүүнүн башка тармактарында да мамиле түзүүнүн жолдору карала баштайт. Ооган дыйкандары апийим эле эмес, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн башка түрлөрүн да өстүрүшүнө колдоо көрсөтүлөт, ооган сот системасын элдер ага ишене тургандай кылып жакшыртууга аракет жумшалат”, - деди Обама.

Бүгүн Кабулда ооган ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Змарай Башари талиптер арасында өлгөндөрдүн саны акыркы жумада өскөнүн айтты. “Акыркы бир жумада өкмөттүн душмандарынын арасында 172 куралчан адам окко учту, 27 киши жаракат алды жана 30 душман колго түшүрүлдү. Азыр алардын ишин мамлекеттик органдар иликтеп жатышат. Ага чейинки жумаларга караганда, талиптерден өлгөндөрдүн саны 37% өстү”, - деди Ооганстандын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү.

Ал аралыкта Британиянын премьер-министри Гордон Браун Ооганстандагы операцияларды өткөрүү канчалык маанилүү экенин айтып чыкты. Анткени кечээ Ооган жеринде сегиз аскер курман болуп, жыйынтыгында Британия ооган жеринде, Ирактагыга караганда да, көбүрөөк аскерин жоготуп жатканы айтылган. Мисалы, 2001-жылдан бери ооган жеринде курман болгон британ аскерлеринин жалпы саны 184 адамга жеткен, Иракта болсо 179 аскер көз жумган.

Гордон Браун аскерлер быйыл талиптер менен күрөштө өтө оор мезгилди баштан кечиришээрин, бирок ооган элине августта ачык шайлоо өткөрүүгө баары бир колдоо көрсөтүш зарылдыгын айтты. Браун Ооганстандагы операцияларды жактап: “Биз терроризм Британиянын көчөлөрүнө чейин келишинин алдын алышыбыз керек”, - деп айтты.

АКШнын президенти Барак Обама Ооганстанда курман болгон британ аскерлеринин эрдигин мактап, терроризм менен күрөшүүдө азыр алар аткарган эрдик өтө маанилүү, деди.

Кошмо Штаттары быйыл Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жиберээрин билдирген. Азырынча ооган жеринде 33 миң америкалык жана НАТОго мүчө башка өлкөлөрдөн 32 миң аскер бар.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG