Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Антитеррордук операцияда өлтүрүлгөндөр террорист эмес деген шек чыгууда


Мындай шек саноосун "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Анын изилдөөсү боюнча Сузак районундагы Пахта көчөсүндөгү өрттөлгөн үй Жолдошали деген жетим баланын үйү. Ал үйдүн өрттөлгөнү жана дубалдагы киши баткыдай эки оюк күмөн ойлорду туудурат. Жолдошалинин кайда экендиги дайынсыз болууда. Жоочуларга каршы жүргүзүлгөн 23-июндагы операцияга ошонун кароосуз үйү атайын тандалып алынган. Террорчу деп шектелгендер жок кылынып, беш саат бою атышуу болду деп айтылганы менен октордун изи дубалда жок, жерге түшкөн кабыктары ( гильза) да табылбады.

Жалал- Абат менен Өзгөндөгү окуяларда өлтүрүлгөндөрдүн ичинен экөө - Абдысамат жана Абдукарим Сатыбалдиев – Кыргызстандын карапайым момун жарандары болгонун алардын атасы Абдулхамид Сатыбалдиев ырастоодо. Бир туугандардын сөөгү туугандарына берилбей, соттун чечими жок көмүп салынган. Абдысаматтын аялы Тажикан Сатыбалдиева ушу тапта Жалал-Абат шаардык ички иштер бөлүмүндө олтурат. Ал 20 жыл мурда Өзбекстандын паспортун алган. “Атышуу маалында курман болду деген милиционерди да тактоо керек”, дейт А. Абдурасулова.

Облустагы улуттук коопсуздук башкармасынын өкүлү жоочулар тууралу мурда мамлекеттик коопсуздук комитетинин маалымат борбору билдирүү таратканын, ошондуктан эч кандай маалымат бере албай турганын билдирип, «террорчу болбосо, ошолордун жанынан табылган курал – жарактар кайдан чыкты?» деп кайра суроо салды. Белгилүү болгондой, 23- июнда облуста антитеррористтик операция өткүрүлүп, анда "Өзбекстан Ислам кыймылынын" мүчөсү деп шектелген беш адам, кийинчерек Өзгөн районунда «Ислам жихады" уюмуна караштуу делген төрт адам жок кылынган. (YA)

XS
SM
MD
LG