Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Чочконун тумоосуна каршы вакцина сентябрда даяр болот


H1N1 вирусунун пандемиясын токтотуу мүмкүн болбой калды. Андыктан бардык өлкөлөр бул вируска каршы күрөшкө даяр болушу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тараткан билдирүүдө айтылат. Уюмдун өкүлүнүн айтымында, чочконун тумоосуна каршы вакцина сентябрда даяр болот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Мексикада тутанган тумоого 90 миң киши кабылып, 429у көз жумган. Бул вирус ондогон өлкөлөрдө катталды.

XS
SM
MD
LG