Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:14

Үрүмчүдө эки уйгур полициянын огунан набыт болду


Кытайдын Шинжаң-уйгур автономиялык районунда, Үрүмчү шаарында полиция эки кишини атып салды, дагы бирөө жараат алды. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлашынча, полициянын огунан мерт кеткен экөө - жергиликтүү уйгурлар. Полициянын ырасташынча, куралчан топ көчөдө бараткан адамга кол салган маалда полиция ок ачкан. Үрүмчүдө өткөн аптада болгон башаламандыктар маалында 180ден ашуун киши набыт болгон.
XS
SM
MD
LG