Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:05

Алдыңкы жаш киночуларга сыйлыктар тапшырылды


Бүгүн Бишкекте “Үмүт” I Улуттук жаш киночулар фестивалынын жеңүчүүлөрүнө сыйлыктар тапшыруу аземи өттү. Фестивалдын Гран-Присин жеңген жаш режиссер Акжол Бекболотовго Кинематография боюнча департаменти 5 млн сомго чейин кино өндүрүшү үчүн каражат бөлүп берүү сөзүн берди. Мыкты режиссерлук көрсөткөн Наргиза Маматкуловага жана сценарий чебери Алмаз Супатаев да атайын сыйлыктардан кур калышкан жок. Ошондой эле бүгүнкү аземде “Салбурун” документалдуу тасмасы үчүн режиссер Нурбек Болотовго жюри атайын сыйлык тапшырды. Эң мыкты жаш актриса Айнура Абдрасилова жана актер Балхаш уулу Ренат Кинематография боюнча департаментинин ардактуу грамоталарына ээ болушту. “Үмүт” I Улуттук жаш киночулар фестивалынын жыйынтыгы 22-майда чыккан. (EK)

XS
SM
MD
LG