Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

АКШнын вице-президенти Жо Байден Грузияда


Бүгүн АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Грузияга сапары башталат. Бул күнү Жозеф Байден Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен жолугушат. Сапарынын экинчи күнүндө, 23-июлда вице-президент грузин парламентинде сөз сүйлөп, оппозиция лидерлери менен жолугушары күтүлүүдө. АКШнын вице-президенти Грузияга Киевден барат. Украинага үч күндүк сапарынын жүрүшүндө Жо Байден өлкө жетекчилиги менен жолугушту. Байден Киевдеги жолугушуудан соңку маалымат жыйынында Кошмо Штаттар Украинанын НАТОго кошулуу дымагын колдой турганын жана союздаштарды тандоо өлкөнүн өз ыктыярындагы иш экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG