Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Эки талапкер шайлоону мыйзамсыз деп жарыялашты


Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев шайлоо массалык мыйзам бузуу менен өтүп жатат деген негизде аны мыйзамсыз деп билдирүү жасашты.

Президенттик шайлоого катышуудан баш тартышканы тууралуу талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев түштөн кийин билдиришти. Алар бул шайлоону легитимсиз деп аташып, кайра башкадан президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

БЭКтин бирдиктүү талапкеринин айтуусунда акыр аягына чейин шайлоо адилет өтөт деген үмүт болгон, бирок ал акталган жок:

-Мен шайлоо болот, деп ишенгенмин. Азимбек Бекназаров “бул бийлик турганда шайлоо акыйкат болбойт,” деп туура айтыптыр. Бул бийлик турганда Кыргызстан оңолбойт, келечеги да жок болот. Ошол үчүн бул шайлоо легитимсиз, бул бийликти биз мындан ары тааныбайбыз.

Алмазбек Атамбаев элди шайлоого катышуудан баш тартууга жана адилеттик үчүн күрөшүүгө чакырды:

-Элди азыр адилеттик үчүн күрөшүүгө чакырабыз. Мындай адилетсиз бийлик бизге кереги жок.

Талапкер Жеңишбек Назаралиев азыр эле бийлик, бийликчил маалымат каражаттары аркылуу шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлерди “коркок” деп айыптоолор башталарын, бирок ага эл алданбасына ишенерин билдирди:

-Биз башынан эле билгенбиз ушундай болорун. Буга мына бүгүн да толугу менен ынандык. Азыр эле айтып чыгышат, ”жеңишке жетпей калып, качышты” деп. Бирок буга элди ишендире алышпайт. Кантип эле биз качып калалы? Муну эл түшүнүп турат.

Ошентип саат он алтыдан тартып БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин, доктор Жеңишбек Назаралиевдин бардык шайлоо участокторундагы ишенимдүү өкүлдөрү, байкоочулары, шайлоо комиссияларына кирген мүчөлөрү да чакыртылып алынды.

Шайлоо кодекси боюнча талапкерлер добуш берүүгө үч күн калганга чейин гана талапкерлигин алып салууга укуктуу. Муну белгилеген Алмазбек Атамбаев алар президенттикке талапкерлигин алып салбагандыгын, шайлоого катышуудан баш тартышарын кошумчалады.

Эки талапкердин билдирүүсүнө БШК тез эле жооп кылды. Боршайкомдун мүчөсү Алексей Елисеев талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тарткандыгы тууралуу арыз келип түшпөгөндүгүн айтып, элди шайлоодон алаксыбоого чакырды:

-Арыздар БШКга келип түшкөн жок. Алар бүгүн арыз да жибере алышпайт. Ошондуктан, бул эки талапкердин билдирүүсүнө карата кандайдыр бир аракеттерди көрө албайбыз. БШК президенттик шайлоону ачык, так, акыйкат өткөрүүнү шарттайт жана добуштарды адилеттик менен санайбыз.

БЭК жана талапкерлер Атамбаевдин жана Назаралиевдин шайлоо штабдары БШКга ишенич көрсөтпөстүгүн, БШКнын азыркы курамы менен эч качан акыйкат шайлоо болбостугун баса белгилешүүдө.

Бүгүнкү президенттик шайлоодо добуш берүү башталган саат 8 ден 12 ге чейин массалык мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу талапкер Алмазбек Атамбаевдин штабы билдирүү таратты. Анда айтылгандай өлкөнүн бардык аймактарында элди шайлоо участокторуна массалык түрдө ташуу, шайлоо бюллетендерин көптөп таштоо фактылары катталган.

Талапкер Алмазбек Атамбаевдин штабы тараткан маалыматтар боюнча Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы №10 шайлоо участкасында Социал-демократтар жана “Ата Мекен” партиясынын байкоочуларын тартип коргоо кызматкерлери күч менен кууп чыгышты.

Буга алардын шайлоо үкөгүнө 30-40 даана бюллетень таштоо фактысы боюнча акт түзүү аракеттери себеп болгон. Ош облусундагы Кашкар-Кыштак шайлоо участогунда КСДПнын активисти Маматраимов Кахар добуштарды бурмалоого жол бербөөгө аракет жасаганда ур-соккуга алынган.

Милиция уруп-согууга тоскоолдук кылган эмес. Аксы районундагы Авлетим участогунда оппозиция тараптан коюлган байкоочу Назгүл Шералиева массалык бюллетен таштоого тоскоолдук жасаганда аны күч менен сыртка чыгарып ташташкан. Байкоочулар Токмок шаарында 15 бюллетенди бир убакта салуу фактысын аныктап, протокол түзүшкөн.

Бишкектеги Ак-Өргөө жаңы конушундагы 1019 шайлоо участогунда тиешелүү документтери жок өспүрүм балдарга үч-төрттөн бюллетен берилген фактыны каттаган актыга участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол коюудан баш тарткан.

Бул тууралуу социал-демократия партиясынын төрага орун басары Бакыт Бешимов ”Азаттыкка” билдирди:

-Бардык мыйзам бузуулар ачыктан ачык, ушунчалык карамүртөздүк менен жасалып жатат. Биздин байкоочуларыбызды уруп-сабап, эки депутатыбызды камап жатат. Ошондуктан, бардыгы бизден бул шайлоодон баш тартууну талап кылышты,

Добуштарды санап, шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга дагы убакыт бар. Оппозиция тарапкерлерин адилеттик үчүн күрөшүү максатында чогулууга чакырууда.

А. Атамбаев: Ыплас шайлоо - мыйзамсыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG