Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Бишкек: Атамбаев тарапкерлеринин концерти өтүүдө


Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевге таандык Бишкектеги ”Форум” мекемесинин алдында концертке миңдей адам катышууда. Бишкек шаардык мэрия тынч митингдерди жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга дал келбейт, деп мындай концерт өткөрүүгө тыюу салган. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, иш-чара азыр тынч уланып жатат, бирин-экин тартип коргоо кызматкерлери сырттан акмалап турат. А. Атамбаев бүгүн түштөн кийин шайлоону легитимсиз деп жарыялап, кечинде “Форумдун” алдында нааразылык акция болоорун маалымдаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG