Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Дунгандарды тартипке чакырган жыйын чогулду


"Азаттыктын" кабарчысы Мирлан Токталиевдин маалымдашынча, учурда Искра айылына Чүйдүн, Бишкектин жана Искра айылынын тургундарынан 50дөй киши чогулду. Алардын арасында Искра айыл өкмөтүнүн жетекчиси, участкалык укук коргоо кызматкери жана аксакалдар сотунун өкүлдөрү бар. Дунган тараптан келген эки өкүл жыйынга бир сааттын ичинде айылдагы эл күнөөлөп жаткан дунган тургундарын алып келишээрин билдиришти. Буга чейин жергиликтүү тургундар айылда кыргыздарга дунгандар тарабынан басмырлоолор болуп жаткандыгын билдиришкен эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG