Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Эки диктатордун “жашыруун протоколу”


Германиянын Тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп (солдо), Иосиф Сталин жана анын Тышкы иштер министри Вячеслав Молотов (оңдо) Кремлде келишимге кол коюшкандан кийин, 23-август, 1939
Германиянын Тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп (солдо), Иосиф Сталин жана анын Тышкы иштер министри Вячеслав Молотов (оңдо) Кремлде келишимге кол коюшкандан кийин, 23-август, 1939

1939-жылдын 23-августунда Германия менен СССР тынчтык келишимине жана Борбордук Европага таасирин орнотуу жөнүндө жашыруун протоколго кол коюшкан. Тарыхта “Молотов-Риббентроп пакты” деп аталып калган келишим түзүлгөнүнө быйыл 70 жыл толду.

Мына-мына согуш башталып кетет деген мезгилде жашап жаткан дүйнө 1939-жылдын 24-августунун таңында баарынын оозун ачырган жаңылык менен ойгонду: Адольф Гитлердин фашисттик Германиясы Иосиф Сталиндин Советтер Союзундагы тоталитардык режими менен тынчтык келишимине кол коюптур.

Гитлер өзүнүн Тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Москвадан келишимди көтөрө келгенине өзгөчө кубанып турду: “Биздин партиялаш жолдошубуз Фон Риббентроптун аты Рейхтин тышкы иштер министри катары түбөлүккө Германиянын жана немис улутунун саясий бийиктиги менен байланышып кала бермекчи”, - деди Гитлер.

Аргасыз мунаса

Риббентроп Советтер Союзу менен жетишкен пакт Гитлерге “Польша проблемасын” чечкенге, эгер зарыл болсо, Польшанын Батыштагы шериктери Британия жана Франция менен согушканга да жол ачкан. Непада Гитлер бул согушка барса, “Молотов-Риббентроп пактына” ылайык, Советтер Союзу Германиянын душмандарына кошулуп кетпеши керек эле.

А бирок Сталиндин көз карашынан алып караганда, Германия менен тынчтык макулдашуусуна баруу 1930-жылдардагы “тазалоо операцияларында” кубатын жоготкон аскер күчтөрүн кайра бутуна тургузуу үчүн убакытты создуктуруу эле болчу.

Ал документке тиркелген “жашыруун протоколдо” бул эки тоталитардык мамлекет бүтүн Чыгыш жана Түндүк Европаны өздөрүнүн таасир чөйрөсүнө бөлүп алышканы чагылдырылган.

СССР Франция менен Германиянын огун Германияга буруш үчүн ушул келишимге барды...
Бул жашыруун протокол чындап болгонуна көпчүлүк башынан эле ишенип келгенине карабай, анын тексти герман архивдеринде сакталып калган аудио тасмадан гана кийинчерээк айкын болду. СССР болсо мындай тымызын протоколдун чындап эле болгонун 1989-жылга чейин танып келген. Үч жылдан кийин гана постсоветтик Орусия өзүнүн архивинен расмий протоколду жарыялады.

“Молотов-Риббентроп пактына” кол коюлгандан бир апта өткөндөн кийин, 1939-жылдын 1-сентябрында, Германия Польшага кол салды. Бул – Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы эле. 17 күндөн кийин Сталиндин Кызыл армиясы Польшанын чыгыш тарабына басып кирет.

Ошол эле жылы ноябрда СССР Финляндияга кол салат. Бул өлкө “жашыруун протоколго” ылайык, Советтер Союзунун таасири астында калат деп белгиленген. Андан ары сталиндик режим Балтика боюндагы үч мамлекетти жана Румыниянын айрым региондорун күч менен каратып алган.

Тарыхка баа

“Молотов-Риббентроп пакты” кантип түзүлүп калганы азырга чейин түрдүүчө таржымаланып келет. Маселен, Советтер Союзунун тарыхчылары көптөгөн жылдар бою Сталин Гитлердин демин басыш үчүн Франция жана Британия менен жамааттык коопсуздук келишимине жетишүүгө аракет кылганын, бирок алардан жооп болбой койгонун жазып келишти.

20 жыл мурда "Молотов-Риббентроп пактынын" 50-жылдыгын Литвада демонстрацияга чыккандар ушинтип белгилешти
Британиядагы Экзетер университетинин профессору, согуш жөнүндө бир топ китептин автору Ричард Оверинин айтымында, бул өңдүү көз-караш бүгүнкү Орусияда да айтылууда.

“Орус тарыхчыларынын баары болбосо да, арасында Советтер Союзу тынчтыкты сактап калганга аракет кылган, бирок Британия менен Франциянын жоопкерсиз мамилесинен улам согуш башталган деп эсептегендер арбын, - дейт тарыхчы. - Анткени алар үчүн ушинтип ойлоонун өзү ыңгайлуу. Ошол эле учурда Советтер Союзу Франция менен Британия СССРге эмес, Германияга эле кол салышын каалап, ушул келишимге барган”.

Эки диктатордук режимдин биригишине Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки саясий кырдаал да түрткү болгону айтылат. Орусиялык тарыхчы Сергей Случтун ишениминде, Орусия менен Германиянын тээ Биринчи дүйнөлүк согушта утулуп калганы айтылуу тынчтык пактынын жаралышына пайдубал болуп берди.

“Белгилүү болгондой, Советтер Союзу менен Германия Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилип калган тараптардын катарында болушту. Германия кыйрап калды, Орусияда болсо аны дүйнөнүн бүт калган бөлүгүнө каршы көрсөткөн социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр болду. Андыктан дүйнө бул эки мамлекетке кызыкча мамиле кыла баштаган. Советтик Орусия менен, мисалы, дүйнөдөгү ири мамлекеттер алыш-беришин дээрлик токтотуп коюшкан”.

Дүйнөнүн "жаңы картасы"

Мына ушундай алсыз абалда калган эки мамлекет убактылуу болсо да, бири-бирин канааттандырган келишимге барышты. Ошентип, “Молотов-Риббентроп пакты” СССР менен Германия ортосундагы бышып-жетилип калган жаңжалды бир аз мөөнөткө болсо да, кечеңдетип койду. 1941-жылдын июнунда Гитлер баары бир келишимди бузуп, Советтер Союзуна күтүлбөгөн жерден кол салат.

Фашисттик Германияны жеңиш үчүн СССР өтө көп күч жумшады. Согушка чейинки жалпы калкынын 14% – же 20 миллион адамын – жоготту. Германияда болсо калктын 9% согушта набыт болгон.

Ошентсе да, согуш бүтүп, совет аскери Берлинди ээлеп, Гитлердин улуу немис улутунун дүйнөнү бийлөөсү жөнүндөгү максат-мүдөөсү таш капты. Анын ордуна Советтер Союзунун таасири астында калышы жоромолдонгон Борбордук Европанын 1939-жылдын 23-августунда Кремлде тартылган картасы, чынында эле, жаңы геосаясий жагдайды чагылдырып калды. Бул кырдаал 1980-жылдардын соңуна чейин сакталды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG