Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Билим берүү тармагын оңдоого эмне тоскоол болууда?


Билим берүүнүн сапаты тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев кеп салды.

- Каныбек мырза, эртең кайрадан жаңы окуу жылы башталганы турат. Бирок акыркы убактарда мектептердеги билим берүүнүн сапатына сын пикирлер көп айтылып жүрөт. Билим берүүнү жакшыртуу үчүн эмне жетишпейт?

- Биринчиден, мен мектеп окуучуларын, студенттерди, ата-энелерди жана жалпы Кыргызстан коомчулугун жаңы окуу жылы менен куттуктагым келет. Менимче, биздин алдыбызда окуу сапатын өстүрүү боюнча абдан чоң иштер турат. Эми сиздин сурооңузга кайрыла турган болсок, биринчи кезекте биз ар кандай саясий, андай-мындай боекторду сүртпөстөн, коюлган суроону мойнубузга алып, чынында эле билим берүү системасы, окутуунун сапаты төмөндөп кеткенин моюнга алышыбыз керек дагы, андан кантип чыгуунун жолдорун ойлонушубуз керек.

Менин жекече пикирим боюнча, бизде билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенинин негизги себептеринин бири - бул бир топ жылдан бул тармактагы биздин системалык катачылык. Алар негизинен финансы, каражаттын жетишпегенинен баштап системалык түрдө ишти жакшы алып барбаганыбыздан болуп жатат деп ойлойм. Негизги максат - мектепке чейинки бала бакча системасына жана жалпы эле мугалимдердин өздөрүнүн билимин жогорулатуу боюнча иштерди системалык түрдө алып баруу керектиги биринчи орунда болуш керек.

- Мүмкүн билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүү керектир? Анткени окуу программасы боюнча мугалим айтып бергенди жаттап барып, кайра мугалимге айтып берүү усулу эскирди го?..

- Эң туура суроо. Чынында мугалимдердин өзүнүн үстүнөн иштөө маселеси турат. Мисалы, мурда Советтер Союзунда мугалимдердин билимин өркүндөтүү, тажрыйба алмаштыруу маселелери, мына ушуга окшогон нерселер биринчи орунга коюлган болчу. Тилекке каршы, аны эмдигиче системалуу жолго кое элекпиз. Чынында бир эле окуу программалары эмес, окуу пландары эмес, окуу китептери жана мугалимдер үчүн көрсөтмө-жолдомолордун баардыгы бүгүнкү замандын талабына жооп бере тургандай системага келтирүү биздин коэфициенттүү саясат болуш керек.

- Буга эмне тоскоолдук болууда, мамлекет өзү баш болуп көңүл бурбаса, ата-энелер балдарын окутууга кызыкпай калса, айрым балдар болсо таптакыр эле мектепке барбай атышса?..

- Билим берүүнүн баалуулугу ар кандай заманда, ар кандай өлкөдө өзүнчө приоритет болуп эсептелет. Бирок тилекке каршы, биз системалуу түрдө саясат жүргүзүүнү колубуздан чыгарып жибергенбиз. Мына ушуну кайра калыбына келтирип, кыргыз элинин билимге умтулуу салтын алдыңкы планга коюп, бул тармакты мамлекеттин өзүнүн приоритеттүү бир саясаты катары жолго коюшубуз керек.

-Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG