Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Жогорку Сот эки кишинин баш коргоо чарасын өзгөрттү


Бүгүн Жогорку Сотто 23-июлда президенттик шайлоо учурунда кармалган 14 кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз каралып, 14 кишинин ичинен Гүлмира Жамгырчиева жана ден-соолугуна байланыштуу Канат Сопиевдин гана баш коргоо чарасын өзгөртүү чечими чыгарылды. Калган 12 кишиге байланыштуу кылмыш иши Балыкчы шаардык сотуна өткөрүлгөнүнө байланыштуу алардын маселеси ошол сотто каралат деген чечим чыгарылды. 14 адамга каршы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет жасады деген олуттуу айыптоолор коюлууда. Өз кезегинде оппозиция өкүлдөрү 23-июлда алардын тарапкерлери Балыкчы шаардык мэриясына таза жана адилет шайлоо өткөрүү талабы менен гана келгенин билдирүүдө.(AiT)




XS
SM
MD
LG