Жогорку Кеңештин Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев өлкөнүн азык түлүк коопсуздугу боюнча маселени сентябрь айында болуучу өкмөттүк саатта кароону сунуштады. “Ак жол” фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Ош облусундагы Кара-Суу базарынын айланасындагы маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалымат берүүсү керектигин айтты. Координациялык кеңештин жыйыны Жогорку Кеңештин спикери Айтибай Тагаевдин төрагалыгында өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)