Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Парвез Камбахш эркиндикке чыкты


Ооганстанда ислам динин маскаралаган деп айыпталган Парвез Камбахш абактан бошотулду. Журналистика факультетинин студенти Камбахш интернеттен Ислам дининин аялга жасаган мамилесин кескин сындаган текстти чыгарып, жайылтканы үчүн алгач өлүм жазасына буйрулган. Кийинчирээк жазасы жеңилдетилип, 20 жылга эркинен ажыратылган. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун маалыматы боюнча, Парвез Камбахш бир нече апта мурда ооган лидери Хамид Карзай жашыруун мунапыска кол койгондон кийин эркиндикке чыккан. Камбахштын атын атагысы келбеген тууганынын айтымында, ал абактан бошотулары менен өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG