Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:30

Орусия Ирандын сунушуна бирге жооп берүүгө чакырды


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсүнө караганда, Ирандын өзөктүк программасы боюнча берген сунуштарынын үстүнөн иштөөгө болот жана ал дүйнө державаларын ага чогуу –чаран жооп берүүгө үндөдү. Орус тышкы иштер министри ошондой анын өлкөсү Иранга санкция колдонууга каршы экенин кайталады.

Дүйнөнүн ири державалары учурда Ирандын сунушуна жооп берүүгө даярданууда. АКш, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия дипломаттары бүгүн телефондон сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Анткен менен АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Филип Кроули Тегерандын сунуштары жетишсиз экенин билдирди:

-Сунуштар бизди тынчыздандырган эң чоң маселеге, албетте, Ирандын өзөктүк программасын камтыбайт. Биз БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө башка кесиптештерибиз менен кеңешип жатабыз.


Ирандын беш беттен турган сунуштары азырынча коомчулукка жарыялана элек. Бирок кээ бир өңүттөрү ачыкка чыкты.

“Вашингтон Пост” гезитиндеги интервьюсунда иран президентинин кеңешчиси Можтаба Хашеми сунуштар өзөктүк куралга жол бербөө жана андан арылуу боюнча эл аралык система түзүүгө чакырарын айткан.

Бирок Иран уран байытууну токтотуу боюнча эл аралык талапты аткарары жөнүндөгү убада камтылган –камтылбаганы тууралуу суроого түз жооп берген эмес.

XS
SM
MD
LG