Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Талибандын тамыры эмнеге кыйылбай атат?


Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиев Ооганстанда Талибанды күч менен жеңүүнүн ордуна аларга каршы идеологиялык күрөштү күчөтүү керек деп эсептейт.

- Аскар мырза, бүгүн 2001-жылы 11-сентябрда Америкада террордук каргашалуу окуя болгонуна 8 жыл толуп отурат. Бул бүгүн биздин Бишкекте дагы "Манас" аэропортундагы АКШнын транзиттик борборунда президенттин катышуусу менен белгиленди. Мына ушундай каргашалардын кайталанышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан иш аракеттер канчалык деңгээлде өзүнүн актап жатат деп ойлойсуз?

- Мен былтыр январда атайын бардым террордук окуя болгон жерге. Ошол жерди карап туруп ушунчалык таң калыштуу, кандай гана күч керек, ошол килейген имаратты омкоруп таштаганга, баары омкорулуп калган. Дүйнө жүзүндөгү элдердин баары көрүп, ошол жерди айланып өтүшөт экен.

Ошонун жанында “21 кылым” деген дүкөн бар экен. Орусиянын баардык коммерсанттары ошол жерде жүрүшөт. Кечээ жакында эле Обаманын бир учагы жапыз учуп калганда, элдин баарынын үрөйү түшүп, качышты артка көздөй. Ушундай психологиялык шок болуптур.

Албетте, ушунчалык көп адамдын өмүрүн алып кеткен ал каргашалуу окуяны эч ким актай албайт. Ушул жамандыктын арты жамандык демекчи, ушундай нерсени талибандар болобу, же Америка болобу күч менен чечүүгө аракет кыла турган болсо, күч кайра дагы күчтү туудурат экен, чечилбейт деп, көп адамдар ушундай жыйынтыкка келип атышат.

- Мына ушундай эле пикирди бүгүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев АКШнын транзиттик борборуна барган кезде дагы айтпадыбы, Ооганстандагы кырдаал дагы деле курчуп турат, демек бул аскерий иш аракеттер абалды турукташтырууга күчү жетпей турганын көрсөттү деп. Сиз кандай ойлойсуз, эми кандай иш аракеттерди көрүш керек?

- Бул жактан чындап эле биздин президенттин айтканында чындык бар, күч аркылуу чечилбей атканын көптөн бери көрүп турабыз. Бирок альтернатива да жок болуп атат да. Эмне кылабыз анда. Мисалы, азыр биздин Борбор Азияда Кыргызстан башка республикаларда “Хизб-ут тахрир” чыгууда, талибандардан эл коркпойт экен. Көп адамдарда тескерисинче аларды жактаган маанай көбөйүп баратат.

Биздин эски интеллигенция адамдары гана интеллектуалдык деңгээлде ой жүгүртпөсө, масса ичинде азыр Американын, НАТОнун аскеринин катышуусунан ошол жакта биздин туугандарыбызга каршы согушуп атат деген сезимден улам, аларга аео жана ошолорго жан тартуу сезимдер өсүп келатканын байкайбыз. Ошондуктан бул жерде коркунучтуу нерсе бар, ошол согуштук күчтү киргизип, мусулман өлкөлөрүнө коңшу өлкөлөрдөгү боордоштук сезимди күчөтүп, бул жакта талибандын башкача түрү чыгып кетиши мүмкүн деген чоң коркунуч болуп атат.

- Демек идеологиялык кандайдыр бир күрөш керек турбайбы?

- Бул жерде идеологиялык согуш болуп атат да. Ошондуктан күч менен басылбайт экен. Бирок альтернативабыз да жок болуп атат. Эгерде кандайдыр бир нерсе кылып иштебесе, анда ал жакта Талибан гана эмес, Талибандын негизги финансылык булагы баңги каптайт бизге. Талибандардын экстремиттик пикирлери бар, алардын ою боюнча аялдарды сабаган, биздин маданиятка туура келбеген көптөгөн нерселери бар да. Ошондуктан күч менен болбосо, анда эмне менен чечиш керек, ошону биз ойлоп табышыбыз керек бүгүн.

-Бүгүн президент К.Бакиев гуманитардык саясий-экономикалык жактан аракет кылыш керек ушул маселени чеүүдө деп айтып кетти. Эми ооган элине гуманитардык жардамды ар тараптуу берүү Ооганстандагы талибандарды жок кылууга түрткү боло алабы?

- Азыр Ооганстанга гумжардам абдан көп келип жатат. Аны эгерде Кыргызстан бере турган болсо, ал деңиздеги тамчыдай эле болуп калат деп ойлойм. Анткени азыр Батыш жактан армия эле барбастан Ооганстанда илимий-гуманитардык, медайымдарды окутуп жатышат ж.б. көптөгөн кийим-кече, тамак-аш агылып түшүп атат.

Ошондуктан бул жаңылык эмес. Гуманитардык жардам да болуп жатат. Бирок ага карабастан бүтүн ооган элинде баары бир Америкага каршы чыгып аткандарга жан тартуу дагы деле күчөп атат. Анткени алар түшүнүп атат, бул башка батыш өлкөнүн бизге болгон кысымы, чабуулу деп. Идеологиялык нерсени идеологиялык илим аркылуу гана жеңсе болот, караңгылыкты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG