Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинен бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, облус губернаторунун каржы корунун эсебинен Зардалы чек ара бөлүгүндө кызмат кылып жаткан аскерлер үчүн кыш алдынан 50 даана жылуу жууркан төшөктөр жөнөтүлдү. Облус губернатору аталган жардамды чек ара бөлүгүнө тапшыруу менен алыскы аймактын жашоочуларынынын турмуш шарты менен да таанышат. Бул жардам аймакта чек ара бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата уюштурулууда, деп билдиришти облустук акимчиликтен.(JsA)