Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Кыргызстандык укук коргоочулар Е.Жовтисти колдошот


Кыргызстандык укук коргоочулар казакстандык кесиптеши Е. Жовтистин камалышын саясий боек деп сыппаташып, соттон адилет чечимди талап кылышты.

2009-жылдын 26-июлунда Казакстандагы “Эл аралык адам укуктарын коргоо жана мыйзамдын башкаруусу” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Евгений Жовтис машинеси менен кечки саат ондордо бир кишини сүзүп кетип, ал каза болгон. Ушул окуяга байланыштуу Алматы облусунун Балкаш соту 3-сентябрда Евгений Жовтисти төрт жылга эркинен ажыратылсын деген өкүмүн чыгарган. Бир катар укук коргоочулар муну Е.Жовтистин кызматына карата жасалган иш деп баалап жатышат.

“Е.Жовтистин иши анын кызматы жана жасаган ишине карабай адилет каралышы керек” деген талапты койгон катты кыргызстандык укук коргоочулар Бишкектеги казак элчисинин биринчи кеңешчиси Талгат Жолдасовго тапшырышты. Ушундай эле акция буга чейин Мосвкада жана Варшавада өткөн болчу.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова Евгений Жовтистин камалышын саясий боекко айланып кетти деген пикирде. Анын айтымында, кыргызстандык укук коргоочулар бул иш боюнча атайын мониторинг жүргүзүшкөн. Анда Е. Жовтистин өзүнө да, жактоочуларына да жагдайды түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берилбегени айтылат.

- Експертизанын аныктоосу боюнча бул калпыстык болгон деген дагы вариант болгон. Ошого карабастан тергөө жүргөндө башка фактыларды келтирип, Евгений Жовтистин иши саясий боекко айланып кетти. Анткени ал бир канча коррупцияланган фактыларды да ачкан. Экинчиден, ал Казакстанда гана эмес дүйнөдө статусу бар укук коргоочу. Ошондуктан укук коргоочулар Казакстандын элчилигине эки талап койгон кат тапшырдык. Анда соттун алдында укуктук маселелер тең жана айкын болушу керек, Е.Жовтистин жактоочулары да сотко тең укуктуу катыша алсын деген эки талап бар.

Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Ербол Давлетов болсо соттун чечимине кийлигише албай турганын, ошондой эле бул саясий иш эмес экенин белгиледи.

- Бул саясий процес эмес, жөн гана жол кырсыгы. Экинчиден, биз соттун чечимине каршы чыга албайбыз. Сот деген көз карандысыз да. Ошондуктан, соттун чечимине дагы, башка өлкөлөрдүн бей өкмөт уюмдары өткөргөн акцияларга да баа бере албайбыз.

Мурдарак укук коргоочу Евгений Жовтис бул иш кимдир бирөөнүн тапшырмасы деп күмөндөп жатканын билдирип, соттун мындай чечимине макул эместигин билдирген.

Ал эми саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев “Азаттыкка” берген маегинде Жовтистин ишин териштирүүнү аягына чыгарбай эле соттоп жиберген деген оюн билдирди. Ал мындай абал Кыргызстанда деле орун алып келатат деген пикирде.

- Бул каргашалуу окуянын чоо-жайын толук иликтебей эле он аргументтин тогузун артка жылдырып биринчиси менен эле, болгондо да соттун залынан камакка жибергени Казакстандын авторитардык саясатына адам укуктарынын дал келбегенин далилдеп жатат. Толук изилденбей эле камап койгону табышмак болууда. Мындай абал Кыргызстанда деле орун алып келе жатат.

Кыргызстандык укук коргоочулар кесиптеши Евгений Жовтистин камалышына байланыштуу акыйкат чечим чыкмайынча акцияларды өткөрө берерин айтып жатышат. Алар бул багыттагы аракеттерди күчөтүп, керек болсо эл аралык деңгээлге да чыгара турганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG