Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Обама Нетаняхунун тилин табары күмөн


Чыгыш Иерусалимде израилдиктер үчүн курулуп жаткан жаңы конуштар. 8-август 2008-ж.
Чыгыш Иерусалимде израилдиктер үчүн курулуп жаткан жаңы конуштар. 8-август 2008-ж.

Президент Барак Обама 22-сентябрда Израилдин жана Палестин автономиясынын лидерлери менен кездешет.

АКШ президенти Барак Обама Нью-Йоркто өткөрчү сүйлөшүүнүн максаты - Палестин автономиясы бизге таандык деген жерлерде Израилдин жөөт конуштарын куруусун токтотуу. Жакында эле Израил өкмөтү Батыш Иорданда курулуп жаткан 2500дей үйгө кошумча дагы 455 турак үй куруу жөнүндө чечим чыгарган.

Израилдик келгиндер Батыш Иордандын түндүгүндөгү жөөттөрдүн мурдакы конушу Хомешке келип, зыярат кылышууда. 26-март 2007-ж.

Мурдараак Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху Иордан дарыясынын батышында жаңы жөөт конуштарын курууну убактылуу токтотууну сунуш кылган.

Бирок курулуп жаткан үйлөр жана Чыгыш Иерусалимдеги үй курулуштары токтотулбасын билдирген. Палестиндердин айтышынча, Чыгыш Иерусалим болочок Палестин мамлекетинин борбору болуш керек.

Израил жетекчилиги Иордан дарыясынын батышында жөөт конуштарын кеңейтүүнү токтотуу жөнүндөгү үндөөлөрдү четке кагууда. АКШнын атайын чабарманы Жорж Митчеллдин өткөн аптадагы Жакынкы Чыгыш сапары ийгиликсиз аяктады.

Ишемби күнү Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас да Каирде кабарчыларга жасаган билдирүүсүндө алдыга кетчү жол жабык экенин айтты:

- Америкалыктардан "Жол картасынын" биринчи шартын аткартуу талап кылынат. Бул шарт бардык жаңы конуштарды токтотууну, анын ичинде конуштардын табигый өсүүсүн токтотууга чакырат. Муну Израил өкмөтү каалабайт. Ошон үчүн израилдиктер менен биздин сүйлөшүүбүзгө негиз жок.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас (оңдо) жана АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Жорж Митчелл (солдо). Батыш Иордандын Рамалла шаары. 10-июнь 2009-ж.

"Жол картасы" - Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча АКШ, Евробиримдик, Россия, БУУ сунуш кылган план. Планды 2003-жылдын 19-ноябрында БУУнун Коопсуздук Кеңеши бир добуштан бекиткен.

Ишемби күнү “Los Angeles Times” гезити Палестин тарапка шилтеп, Махмуд Аббаста Нью-Йоркто болгон кезде Израил премьери менен кездешмек түгүл саламдашчу ниети жок экенин, Израил жаңы конуштарды токтотмоюн, сүйлөшүүдөн майнап чыкпасын билдирген.

Бирок да жекшемби күнү Израил жана Палестин тарап президент Обаманын үч жактуу сүйлөшүү өткөрүү сунушуна макулдук беришти. Ак Үйдүн маалымдашынча, Обама 22-сентябрда Нетаняху жана Аббас менен чогуу жолукканга чейин эки тарап менен бир-бирден кездешет.

Жолугушууда талкууланчу негизги тема - Палестин тынчтык сүйлөшүүлөрү токтоп турат. Тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууну президент Обама тышкы саясаттагы башкы вазийпаларынын бири деп санайт.

Маалымат булактары Ак Үйдүн атын атабаган өкүлүнө шилтеп кабарлашынча, Обама-Нетаняху-Аббастын кездешүүсүнөн соң эч кандай ырасмий билдирүү жасалбайт.

XS
SM
MD
LG