Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Даректүү фильмдер - адам укугун коргоонун мыкты куралы


"Даректүү тасмалар - адам укуктары жаатта чоң курал"
"Даректүү тасмалар - адам укуктары жаатта чоң курал"

Бүгүн адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” эл аралык фестивалы укук коргоочулар жана режиссерлордун жыйыны менен башталды.

«Бир дүйнө-Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Чехиядагы «Еден свет» деп аталган фестивалдын бир бутагы болуп эсептелет. Фестиваль адам укуктары боюнча даректүү тасмалар аркылуу социалдык акыйкаттуулук менен жарандык билимдүүлүктү жогорулатуу жана инсандын фундаменталдуу укугу менен эркиндигин коргоо максатта уюштурулган.

Кыргызстанда фестиваль алгачкы жолу 2007-жылы өткөрүлүп, Адам укугу боюнча Президенттин алдындагы комиссиянын ошол кездеги төрагасы Турсунбек Акун жана "Азаттык" үналгысы колдогон.

Бүгүн иш-чара укук коргоочулар менен режиссерлор тегерек үстөл жыйыны менен башталды. Чехиядагы “Бир дүйнөнүн” жетекчиси Игорь Блажевич даректүү фильмдер адам укугун чагылдырып берүүдө мыкты курал экенин айтат:

- Даректүү тасмалар - адам укуктары жаатында чоң курал болуп эсептелет. Анткени ал адамдардын жашоо-турмушун, көйгөйүн эч кандай боек кошпостон көргөзүп турат. Балдардын, аялдардын, качкындардын же мигранттардын укугун чагылдырган даректүү тасмалар албетте көп кайгы-капаны жаратышы мүмкүн. Бирок бул айланадагы адамдардын маселелелерин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, фестиваль ар кайсы өлкөлөрдө жашаган адамдардын чыныгы окуяларын чагылдырган жаңы даректүү тасмаларды көрүп, өз пикирлерин ачууга коомдун бардык өкүлдөрүнө бирдей шарттагы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергендиги үчүн баалуу.

Бул тасмалар полигамия, ала качуу, зомбулук жана бийликтин сот бутактарынын акыйкатсыздыгын жана өзгөчө мусулман өлкөлөрүндөгү аялдардын алсыздыгын өзүнө камтып, алсыз топторго болгон чыдамсыздыкты зомбулуксуз жолдор менен чечүүгө аракет жасайт. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлайкан Исмаилова фестиваль тууралуу буларга токтолду:

- Фестивалдын эң күчтүү үнү – бул өкмөткө жабыр тарткан адамдардын тагдырына көңүл бурдуруу. Эгер түшүнүп караса, укук коргоочулар жана даректүү фильмди тарткан режисерлор демократиянын жана адам укуктарынын санитарлары. Бул жалгыз гана адамдын тагыдыры эмес, жалпы кыргыз элинин проблемасы. Ошондуктан чогуу аракет жасабасак ушундай өткөөл мезгилде адам укуктары угулбай, байкалбай калганда өкмөт өзүнөн өзү авторитардык режимге кирип кетет. Ошондой эле дүйнөдө эмне болуп жатканын биз да көрүп, билишибиз керек. Бул дагы Борбор Азия менен Европанын ортосундагы көпүрө. Ошол себептүү да фестивалдын мааниси чоң.


Сербиялык режиссер Марко Попович фестивалга “Жаңырык” деген даректүү тасмасы менен катышууда. Анда Сербияда жайгашкан доктор Лаза Лазаревич атындагы нейропсихиатрия институтунда психикалык жактан жабыркаган аялдардын дарыланганы тартылган. Сербиянын азыркы болуп көрбөгөндөй таңкалычтуу кырдаалын көрсөтүү үчүн режиссер Марко Попович өзүнүн тасмасында ал аялдардын тагдырын чагылдырат:

- “Жаңырыкта” адам укугун түпкүлүгүнөн бери сыйлаган жана баалаган саясий өлтүрүү, улуттук өңүттөгү согуштарды жана криминалдык кылмышкерлерди жаап жашыруу өңдүү бүгүнкү иштердин абалын кабыл албаган адамдардын тагдыры баяндалат. Алар туурасында акылынан айныган психиатриялык клиникада дарыланган деп жазышат. Ал эми коомду талкалоочу же психопатиялык үлгүсүн колдонгондорду мактап жана аларга артыкчылык беришет.

Ал эми жаш режиссер Алижан Назимов бүгүнкү тегерек үстөлдөн көп нерсени үмүттөнөт. Ал чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашып, даректүү тасма тартууну пландап жатат:

- Чет өлкөдөн келген кесиптештерибиз менен пикир алышып, айрыкча жаңы баштап жаткан жаш режиссерлор даректүү тасмалардын тартылуу жолун, өзгөчөлүгүн талкуулап жакшы жыйынтык берет деп үмүттөнөм. Жеке өзүм сценарийи жазылып бүтсө жаңы фильм тартам деп турам.

Мындан сырткары беш күнгө созулган “Бир дүйнө” фестивалында жакырланган үй-бүлөсүнө камкордук көрөм деп үч жаштагы уулу менен эки жаштагы кызын өзүнүн ата-энесине таштап, чет өлкөдөн жумуш издеп кетип, жанын таштап иштеп жүрүп, акырында өзү элестеткенден да чоң жоготууга учураган аялдын тарыхы баяндалган “”Иштеген эне”аттуу тасма сунушталат.

Бул фильмди кыргызстандык режиссер Фурхат Турсунов тарткан. Окууга да барбай, каралбай калган шахтыдан кол менен көмүр терип чогултуп, аны саткан акчасына оорулуу энеси менен карыган чоң энесин баккан 11 жашар Бакыттын турмушун чагылдырган “Терезе” тасмасы жана “Алтындын баасы”, “Мунай”, “Жашоосу чектелгендер”, “Оогандагы айдоочу аялдар”, “Орой жеңелер”, “Саламатсыңбы, күнүм”, “Ыйык китептин көлөкөсү” деген сыяктуу 15 тасма көрсөтүлөт.

Фестивалдын экинчи турнеси октябрь айында Ош-Исфана-Хожент маршруту боюнча өткөрүлөт. Жеңүүчү деп табылган тасма улуттук телекөрсөтүү аркылуу берилет.

XS
SM
MD
LG