Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Нарындын "Дордой-Динамосу" финалга чыкты


Тажикистандын Турсун зааде шаарында өтүп жаткан Азия футбол конфедерациясынын президенттин кубогу боюнча мелдеште Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамосу” Түркмөнстандын “Ашхабат” командасын 2-1 эсебинде утуп финалга чыкты.

Бүгүн Тажикистандын “Регар-ТаДаз” командасы менен Пакистандын “Вапта” командасы беттешип, кимиси жеңсе 27-сентябрда финалда “Дордой-Динамо” менен беттешет. Буга чейин Нарындыктар Азия футбол конфедерациясынын президенттин кубогун эки жолу жеңип алган. Бул тууралуу “Азаттыктын” спорттук кабарчысы билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG