Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Өзбекстан ГЭСтердин экспертизасы боюнча талабын улантат


Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстанда пландалган жаңы ГЭСтерди курулушун бейтарап экспертиздан өткөрүү боюнча талабын улантаары жөнүндө өзбек тышкы иштер министри билдирди. Владимир Норов расмий Ташкенттин жогорудагыдай турумун өткөн түнү БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда айтты. Өзбек тышкы иштер министри белгилегендей, Кыргызстандагы Камбарата жана Тажикстандагы Рогун ГЭСтери Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы мөңгүлөр барган сайын азайып бара жаткандыгын эске албастан курулганы турат. Ошондой эле алар күчтүү жер титирөө болуусу ыктымал аймакта жайгашкан. Андыктан Өзбекстан жаңы ГЭСтердин курулушу боюнча пландар БУУнун көзөмөлү астында эл аралык адистер тарабынан экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана ишке ашырылуусу керек деп эсептейт. Владимир Норов ага катар ыктымал катастрофалык кесепеттерди алдын алуу үчүн Сырдайра менен Амудайранын боюнда совет мезгили учурунда курулган ГЭСтерди кайрадан анализдөө да кечиктирүүгө болбой турган иш экенин кошумчалап, Орусиянын Саяно-Шушенск ГЭСиндеги кырсыкты эске салды.

Борбор Азиядагы суу –энергетика маселесине өзбек тышкы иштер министрине чейин БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө тажик президенти Эмомали Рахмон жана кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов да токтолушуп, алар аймактын суу бөлүшүү менен байланышкан талаш-тартышын чечүүнүн жолдору боюнча суу башындагы өлкөлөрдүн турумун билдиришкен эле. Тажик президенти гидроэнергетикалык ресурстар аймактын баарына кызмат кылыш үчүн дарыянын жогорку жагындагы сууга бай жана углеводороддук ресурстар топтолгон төмөн жагындагы өлкөлөр ортосунда суунун жана энергия ресурстардын агымы үчүн экономикалык механизм түзүү керектигин айткан. Ал эми кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов жайкы сугат үчүн кышында суу топтоого стимул жараткыдай шарт түзүү зарылдыгына токтолгон.

XS
SM
MD
LG