Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Балыкчыда сот эртең улантылат


Бүгүнкү сот жараянында Балыкчынын мэри Талант Өмүркулов баш болгон күбөлөр жана тергөөчүлөр дагы күбө катары суралышты. Айыпталуучулардын жактоочусу Азимбек Бекназаров соттун суроолоруна күбөлөр тайсалдатып, далилсиз жооп бергендигинен улам сотту токтотуп коюуну өтүндү.Бирок судья анын өтүнүчүн канаатандырган жок. Сот эртең улантылат.
23-июлдагы Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүү 11-сентябрда башталган. Тартип коргоо органдары Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери 23-июлда президенттик шайлоо күнү конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракеттенген, массалык баш-аламандык уюштурган жана шайлоого жолтоолук кылган деп 19 кишиге айып койгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG