Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:52

СДП фракциясы ички маселелерин талкуулап жатат


Анда фракция башчысы, өткөн айда АКШга чыгып кеткен депутат Бакыт Бешимовдун маселеси каралары мурда маалымдалган. Мындан тышкары фракциянын бийлик менен жолугушуу маселелери да ушул жабык жолугушуунун күн тартибинде бар экени кабарланууда.
Буга чейинки бейрасмий маалыматтарга караганда СДП фракциясынын мүчөлөрүнүн президент Курманбек Бакиев менен Балыкчы окуясы боюнча жолугушуусу болжолдонууда. Мындай демилгени СДП көтөрүп, президентке депутат Иса Өмүркуловдун атынан кайрылуу жибергени басма сөздөрдө кабарланган. Анын негизинде бүгүн оппозициядагы саясатчылар менен президенттин атынан башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев жолугушуп, Курманбек Бакиев менен сүйлөшө турган маселелерди алдын-ала талкуулашары да айтылууда. СДП фракциясы мындай маалыматтарды тастыктаган жери жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG