Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:28

Өлүм жазасы боюнча Акыйкатчы билдирүү таратты


Анда, өлүм жазасына кайрылып келүү боюнча жогорку кызматтагылардын ар кандай кеби биздин мамлекеттин кадыр-баркына түзөтүлбөс зыян алып келери белгиленген.
“Мамлекеттик кызматкерлердин өлүм жазасына кайрылып келүү жөнүндө айткандары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эрежесине каршы келип, алардын ойлонбой жасаган билдирүүлөрү өлкө башчысынын аброюна көлөкө түшүрөт”,-деп айтылат билдирүүдө.
Жалпысынан Акыйкатчы институту өлүм жазасына каршы пикирин билдирип, адам укуктары боюнча БУУда кабыл алынган эл аралык документтердин эрежелерин так сактоо керектигин билдирген. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
23-сентябрда Коопсуздук кеңештин катчылыгында диний фанатизмге жол бербөө боюнча жыйын болуп, анда Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов өлүм жазасын калыбына келтирүү боюнча сунуш президентке жолдонорун билдиришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG