Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун үйүндө адам укугу боюнча даректүү тасма тартуу боюнча семинар өтүп жатат. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөкан Исмалованын “Азаттыкка” маалымдашынча, иш-чарага тасма тартууга адистешкен студенттер жана ар аймактардан келген укук коргоочулар катышууда. Жакында эле Кыргызстанда даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” атуу эл аралык фествалы өткөн. (EBM)