Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Кыргызстандын “Боинг 737-200” учактары учпайт


Кыргызстанга тиешелүү авиа компаниялардын “Боинг 737-200” үлгүсүндөгү учактарын абага учууга тыйуу салган буйрук чыгарганын Жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев билдирди. Анын айтымында, “Боинг 737-200” үлгүсүндөгү учактарды пайдаланууну токтотууга алардын техникалык абалдарынын начардыгы себеп болду. Маалыматтарга караганда, 9-октябардан 10-октябрга караган түнү Пакистандын Исламабад шаарында ЕХ-25004 борт номурлуу учак абага көтөрүлүп, бир кыймылдаткычы иштебей кайра жерге келип конууга мажбур болгон. Мындай окуя Дубайда дагы болгондугу айтылууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG