Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун күндөрү өтүүдө


Ушул күндөрү Анкара университетинде Чыңгыз Айтматовдун күндөрү өтүүдө. 12-14-октябр күндөрүнө туура келген бул иш-чара тууралуу, 15 кишиден турган кыргыз делегациясынын жетекчиси, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин түрк таануучу доценти Кадыралы Коңкобаев Истамбул аба бекетинде “Азаттыкка” маек курду.

Кадыралы Коңкобаев: Түркиянын борборунда Анкара универистетинин Ата-Түрк курган тил, тарых, географиялык факультетинде “Чыңгыз Айтматовдун күндөрү” деген конференция өттү. Ошого Кыргызстандан Чыкемдин карындашы Роза эжебиз, Улуттук консерваториябыздын ректору Муратбек Бегалиев, Жазуучулар союзунун төрагасы Баяс Турал, сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалай Курманов, “Манас” университетинин түркология илимдеринин башчысы Лайли Үкүбаева, дагы бир топ окумуштуулар, чыгармачылык инсандар, кыргыздын рухун чокусу деп жүргөн инсандар бара жатабыз.

“Азаттык”: Сиз сөз сүйлөйсүзбү?

Кадыралы Коңкобаев: Мен улуу көсөмү Чыңгыз Айтматовдун азыркы кыргыз адабий илимдеги калыптанышындагы “Чыңгыз Айтматовдун ролу” деген темада сөз сүйлөйбүз. Биз байкабаганыбыз менен изилдеп көрсөк, Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу катары тике да, кыйыр да аябай чоң таасирлерди берген экен. Биздин бүгүнкү кыргыз адабий тилинде азыркы мамлекеттик тилдин калыптанышындагы ал кишинин ажарын бүгүн так көрүүгө болот.

“Азаттык”: Конкреттүү мисал келтире аласызбы?

Кадыралы Коңкобаев: Алар толтура да. Мисалы, “Жамийланын” тилинде 300гө жакын кыргыздын учкул сөздөрү, макалдары, лакаптары келтирилген. Булардын бардыгы тилдин калыптанышындагы өтө маанилүү куралдар болуп эсептелинет.

Андан сырткары Чыкебиздин алгачкы чыгармаларында бүт кыргыз тилинин жазуу нормалары, адабий тилдин стандарттары ушунчалык так сакталган. Чыңгыздын өзүнүн кыргызча жазган чыгармаларынын бардыгында бул өзгөчө көрүнүш.

“Азаттык”: Ал киши эмне үчүн бардыгын кыргызча жазган эмес, убактысы болгон эмеспи?

Кадыралы Коңкобаев: Менимче, бул жерде бир себеп болгон болуш керек. Ал себеп ал кишинин бүт жан дүйнөсү, чыгармаларындагы образдарды берүүдөгү негизги уйутку боло турган нерселердин баардыгы биздин кыргызга гана тиешелүү материалдардын негизинде, кыргыздын жан дүйнөсүн, кыргыздын жашоосуна, Кыргызстандын табиятына негизделген. Бирок кыргыздын материалынын негизинде адамзаттын маселесинен чыккан.

Албетте кыргыз тилин 5 млн. киши сүйлөгөн, ал эми орус тилин 70 млн. жакын киши СССР учурунда сүйлөгөн тил. Ушул аркылуу окуучулары көп болгон. Кыргызды бүт дүйнөгө тааныта турган өзү жакшы жазуучу. Менимче, Чыке бул жагынан эң туура жасаган.

“Азаттык”: Чыңгыз Айтматов орус тилине салым кошконбу?

Кадыралы Коңкобаев: Албетте. Азыр орустын бардыгы “русский писатель” деп да жүрүшпөйбү. Советтик орус жазуучусу, албетте, чоң таасир берген.
XS
SM
MD
LG