Бүгүн көчө театрларынын оюндары Бишкек шаарынын Эмен багында, Курманжан датка архитектуралык комплексинде, Панфилов паркында, Дзержин гүлбагында жана башка он жерде көрсөтүлөт. Көчө тетарларынын фестивалында Кыргызстандын театр топторунан башка, Казакстандан пантомималык театры, жапондордун добулбасчылары, мейман катары чакыртылган Франция, Бельгия, Германиянын артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашат. Андан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстандын кол өнөрчүлөрүнүн жасаган буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулат. Фестиваль төрт күнгө созулат. Бул тууралуу фестивалды уюштуруучу “Место Д...” театр клубунан билдиришти. (AJ)