Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Е.Гуревич: М.Бакиев менен катыштыгым жок


Бул тууралуу MGN Group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, чындыгында бул жакка аны эч ким чакырган эмес, болгону ал өзүнө таандык бул коммерсиялык бизнестин тобокелдигин өзү мойнуна алып, азап-тозогуна кайыл болуп компанияны ачкан. “Ал эми маалымат каражаттарында ар кандай божомолдорду жазып жаткандар биздин тез арада жетишкендиктерибизге ичи күйгөндөр, балким заказ менен жазып жатышат. Биз президенттин үй-бүлөсүнүн жана өкмөттүн жардамысыз эле иштеп жатабыз”,-деди Гуревич.
Айрым басылмаларда президенттин кичи уулу Максим Бакиев АКШнын жараны Евгений Гуревич менен бирдикте Өнүктүрүү фондунун кеңешчиси катары 2008-жылы MGN аттуу жабык компания (М-Максим, G-Гуревич, N-Надель - Азия Универсал банкынын жетекчисинин баш тамгаларынан) түзгөндүгүн жазып чыгышкан.
Жакында эле Өнүктүрүү фондунун бардык активдерин башкаруу MGN Groupтун колуна берилген. (AJ)

XS
SM
MD
LG